Turmush — Бүгүн, 20-март күнү Чүй облусу боюнча Айт намаз күнү 1000ден ашуун милиционер коомдук коопсуздукту көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй ОИИБдин кызматкерлери Бишкек шаарынын эски аянтындагы Айт намаз учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылышты.
Иш-чарага жалпысынан 200дөн ашуун милиция кызматкерлери тартылып, алар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын эркин жүрүүсүнө шарт түзүү жана мүмкүн болгон укук бузуулардын алдын алуу багытында кызмат өтөштү. Милиция кызматкерлери таң эртеден тартып күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, намаз окулган аймакта жана анын айланасында көзөмөлдү күчөтүштү.
Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын посттор уюштурулуп, унаа агымын жөнгө салуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомдук тартипти сактоого зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан көрүлгөн алдын алуу чараларынын негизинде Айт намазы учурунда коомдук коопсуздук толук камсыздалды.