Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарынын борбордук аянтында 2022-жылы Айт намазы биринчи жана азырынча акыркы жолу окулган.
2022-жылы 9-июнда Токмок шаарында Курман айт намазы алгачкы жолу С.Ибраимов атындагы борбордук аянтта окулган.
Токмок шаарынын имамы Имуржан Касымовдун айтымында, борбордук аянтка Курман айт намазын окуу үчүн 8-9 миң адам келген.
«Буга чейин Айт намаздар мечиттерде окулуп келген. Аталган жылы аянтта окулду», - деди ал.
Токмок шаарында жалпы 20 мечит бар.
Шаар тургундарынын айтымында, 2022-жылдан бери борбордук аянтта Айт намаз окула элек.