Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Эшперов айылынын тургуну Аида Жаныбаева эл аралык «КМШдагы мыкты педагог» («Лучший педагог СНГ») сынагында 1-даражадагы дипломго ээ болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Жаныбаева Аида Сталбековна Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Эшперов айылына келин болгон. Учурда №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору болуп эмгектенет. Жогорку билимди Бишкек мамлекеттик университетинин славян таануу жана журналистика факультетинен алып, орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.
Маалыматка караганда, сынактын биринчи туру 7-февралда башталып, 12-февралда жыйынтыгы чыгып, ал экинчи турга өткөн. Аталган сынак тууралуу интернет аркылуу билип, өз алдынча билдирүү берген.
Сынактын финалдык этабы 24-мартта Астана шаарында өтүп, жыйынтыгында Аида Жаныбаева 1-даражадагы диплом, төш белги жана «КМШдагы мыкты педагог» статуэткасы менен сыйланды.
Эл аралык сынакка Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мугалимдери да жогорку сыйлыктарга татыктуу болушту.
Анын айтымында, бул сынакка катышуу чоң тажрыйба болуп, өзүнө кошумча мотивация алды. Ошондой эле ал сынакка катышууда ар тараптуу колдоо болгонун белгиледи.