Turmush — Манас шаарында 1 күндө 7 бейтапка уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык бейтапканасынын урология бөлүмүнүн башчысы Бектур Абдырахманов билдирди.
Анын айтымында, операцияларды Бишкектен келген дарыгерлер тобу жасады.
«Облустук бейтапкананын урология бөлүмүндө башкы урологдун жетекчилиги астында 7 операция жасалды.
Алар:
- 1 операция бөйрөктөгү залалдуу шишикти алып салуу,
- 1 операция табарсыктын шишиги,
- 1 операция сийдиктин токтобой калышы (недержение моча)
- 4 операция простата безинин аденомасы боюнча болду.
Бейтаптардын ичинен эң улуусу 91 жаштагы аксакал. Ал Чаткал районунан келген. Ага простатанын чоңоюп кетиши, заара түтүгүндө таштардын пайда болушу жана анын кесепетинен заара толук чыкпай, кармалып калуу (гиперплазия пристания железы камни мочевого пузыря осложнение мочегонного пузыря и задержка пузыря) деген диагноз койгонбуз. Азыр операциядан кийинки абалы жакшы, өз алдынча заара түтүкчөсү аркылуу кыйналбай заара кылып калды.
Башкы уролог менен келген дарыгерлер аймакта эмгектенген дарыгерлер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп кетишти. Эгер биздин бейтапканада да бардык жабдуулар жетиштүү болуп, зарыл болгон шаймандар алынып берилсе мындай уникалдуу операцияларды жасоого биздин ак халатчандардын да потенциялы жетиштүү», - деди Абдырахманов.